КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 3-ноябры № 677-т
Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда "Кыргыз Республикасынын электр жабдуусун санариптештирүү" долбооруна каржылоо бөлүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына, ал жок учурда - расмий делегациянын башчысынын орун басарына Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда "Кыргыз Республикасынын электр жабдуусун санариптештирүү" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ
Ибраев Таалайбек Омукеевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министри, расмий делегациянын башчысы; |
Усенова Назгуль Жоробековна | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Атажанов Ырысбек Ысламович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Масабиров Таалайбек Айтмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сулайманов Кундузбек Кошалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Аскарова Зарема Аликовна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары; |
Абдрахманов Канат Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Атаханов Авазбек Койлубаевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Рысбеков Алтынбек Дурусбекович | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору. |