Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы

 

 2024-жылдын 26-марты  №33/5.

Мантыш айылы

 

   Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жаматынын Уставын

 бекитүү жөнүндө

                      

Кыргыз  Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жергиликтүү элдин, депутаттардын сунуштарын эске алып, укук сактоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук бирикмелер менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Кара-Суу айылдык Кеңеши токтом кылат:

    

          1. Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставы бекитилсин.

           

           2. Ушул токтом жана Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы расмий веб-сайттарга жарыялансын.

 

          3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

          4. Бул токтом расмий жарыя болгон күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

   Төрага

К. Сапарбек уулу