АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жыл 19-апрели №6/6
“Айры-Там айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Айры-Там айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик иш канасы тарабынан түзүлгөн, Айры-Там айыл аймагынын административдик чек арасын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап, Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдагы кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
- Айры-Там айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин;
- Айры-Там айылдык кеңешинин төрагасына жана Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын;
- Бул токтомдун көчүрмөсү Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кулуев |