Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2024-жылдын 13-марты № 10/5
Чолпон айылынын Жакып уулу Ташы көчөсүн жарыктандыруу үчүн долбоорго өздүк салым акча каражатын кароо жөнүндө
Чолпон айылындагы Жакып уулу Ташы көчөсүнө жарыктандыруу максатында, күндөн кубаттуулук алуучу жол чырактарын жана ага тиешелүү материалдарды, Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна сунуштоо тууралуу Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылындагы Жакып уулу Ташы көчөсүнө жарыктандыруу максатында күндөн кубаттуулук алуучу жол чырактарын жана ага тиешелүү материалдарды, Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна сунуштоо демилгеси жактырылсын.
2. Чолпон айылындагы Жакып уулу Ташы көчөсүнө жарыктандыруу максатында күндөн кубаттуулук алуучу жол чырактарын жана ага тиешелүү материалдарды, Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна долбоор өтүп жаткандыгына байланыштуу өздүк салым катарында 100,0 (бир жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана башкы эсепчи Кармышбек кызы Гүлнарага милдеттендирилсин
Төрага | Жумалы уулу Адил |