Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-апрели № 2033-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Ишеним" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рустамбек уулу Советбек Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 8-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"Рустамбек уулу Советбек - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;";
б) төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- 1-пунктчанын онунчу абзацы;
- 7-пунктчанын тогузунчу абзацы,
- 8-пунктчанын төртүнчү абзацы.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.А. Азыгалиев |