БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айтматов районуна караштуу Бакайыр айылдык кеӊешинин 8- чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2023-жылдын 1-августу №19
“Кара – Сай айылын Бакайыр айылы кылып өзгөртүү жөнүндө”
Бакайыр айыл аймагына караштуу Кара- Сай айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколунун негизинде Кара-Сай айылын Бакайыр айылы кылып өзгөртүү боюнча кайрылуусунун негизинде Бакайыр айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Кара-Сай айылын Бакайыр айылы кылып өзгөртүү демилгеси жактырылсын.
2. Кара-Сай айылын Бакайыр айылы кылып өзгөртүүнү ишке ашыруу жана тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Умарбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: |
| Жаныкул уулу К. |