Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-апрелиндеги № 18
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө
Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" КР мыйзамынын, КР Бюджеттик Кодексинин жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5- сентябрындагы №01-18/84 «Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Типтүү Жобону бекитүү тууралуу» Буйругунун негизинде, ошондой эле USAIDдин <<Ийгиликтүү Аймак 2» долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо тобун түзүү максатында:
1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) төмөнкү курамда түзүлсүн:
1) Искакова Джаныл Асанакуновна- айылдык кенештин депутаты;
2) Чунуров Асхат Жолдошбекович-айылдык кеңешинин депутаты;
3) Тазабеков Томас Эсенканович-айылдык кеңештин депутаты;
4) Урбаева Гульжамал Бейшеевна-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы- БМЖБ катчысы;
5) Сыдыков Кубанычбек Усуевич-Кожояр айылынын айыл башы;
6) Эркинбаева Куланда Акуновна-коомчулуктун атынан- БМжБ төрайымы;
7) Халиалдаев Талант Саматович-коомчулуктун атынан;
8) Кусеинов Мирбек Кусеинович-коомчулуктун атынан;
9) Кенжебекова Чолпон Дюишеевна- АДК(айылдык ден соолук комитети) мүчөсү;
10) Казиев Олжобек Бакасович- коомчулуктун атынан;
11) Аипов Адылбек Шаабекович- коомчулуктун атынан.
2. Биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Жобо кабыл алынсын (Тиркеме 1)
3. Жогорудагы түзүлгөн БМБ тобу Жобого ылайык айыл аймак ченинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Тɵрайым |
| А.С.Бараканова |
Эскертүү: Жобонун кагаз нускамасы келип түшкөн эмес.