Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

 

2024-жыл 19-апрели №6/7

 

“Укук бузуулар боюнча иш алып баруу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө мыйзам актыларынын 492-беренесинде көрсөтүлгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кодекстин 107,110,111,112-беренесинин 1-бөлүгүндө 113-115, 118-124,157,177, 179, 180, 238, 239, 242, 245, 253, 308-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карап чыгып таанышып, Кыргыз Республикасынын “Жазык кодексин”, “Жоруктар жөнүндө кодексин”, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамын турмушка ашыруу максатында, Айры-Там айылдык кеңешинин 2024-жылдагы кезексиз VI сессиясы токтом кылат:

 

  1. Айры-Там айыл аймагындагы баардык айылдарда, жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинде белгиленген беренелерге каршы иш кылган жарандар мыйзам чегинде жоопко тартылсын;

 

  1. Ар бир айылдан укук бузууларды көзөмөлдөө иштери боюнча мүчөлөр көрсөтүлүп, комиссия курамы бекитилсин;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы:

М. Кулуев