Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-январы № 4

 

Максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө

Кызыл-Туу айылынын Якупбаева №71 көчөсүндө жайгашкан идентификациялык коду 7-08-13-1001-12440, жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө Сыдыков Майрамбек Жапарбековичтин арызын карап, май куюучу станциянын аймагы үчүн белгиленген максатта 0,3596га жер тилкесинин максаттуу багытын жеке турак-жай имаратын куруу максатында өзгөртүү жөнүндө талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,18- беренеге ылайык Кызыл-Туу айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айылынын Якупбаева №71 көчөсүндө жайгашкан идентификациялык коду 7-08-13-1001-12440, май куюучу станциянын аймагы үчүн белгиленген максатта 0,3596га жер тилкесинин максаттуу багытын жеке турак-жай имаратын куруу максатында өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу ИЖС жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Айылдык Кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев