КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХ-сессиясы
2024-жылдын 15-марты №30/4
Кум-Дөбө айыл аймагындагы жаңы конуштагы көчөлөргө ат коюу боюнча элдик жыйындын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары "Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын 7-беренесинин жана КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4 абзацыны негизинде Кум-Дөбө айылынын жалпы элдик чогулуштарынын протоколдору менен таанышып жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кум-Дөбө айылынын түндүк тарабындагы “Рысбек” участогундагы 2-көчөгө “Осмоналиева Жаңыл” апа атындагы көчө деп аталсын.
2. Кум-Дөбө айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кум-Дөбө айылындагы “Курулуш гараж”учатогундагы жайгашкан 1-көчө “Тойчубек ата”атындагы көчө деп аталсын.
3. Кум-Дөбө айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кум-Дөбө айылындагы “Насос”участогундагы жайгашкан көчөгө “Кочкор-Ата”атындагы көчө деп аталсын.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, каттоодон өткөрүү жагы жер адиси Н.Осмоного милдеттендирилсин.
Төрага | М. Чолпонкулов |