Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-январы № 5
Тарифти бекитүү жөнүндө
«Эко Жүргүнчүлөрдү Ташуу» ЖЧКсынын администрациясынын «Ош базары – Кызыл-Туу-Ош базары» №18 маршруттук линиясында жол кире акысын көтөрүү маселесин кароо боюнча арыз - кайрылуусу сессиянын жыйынында карап, күйүүчү-майлоочу материалдар, газ, оңдоо чыгымдары чыгымдардын жабылбагандыгына байланыштуу талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош базары – Кызыл-Туу-Ош базары №18 маршруттук линиясынын төмөнкү жаңы тарифи бекитилсин:
- Ошский базары – Кызыл-Туу а. – 30 сом
- Ошский базары – Шалта, Күнтуу – 20 сом
- Ошский базары – 4-чү горбольница, Селеция, ДЭУ – 15 сом
- Кызыл-Туу -ДЭУ – 20 сом
- Күнтуу – Кызыл-Туу – 20 сом
- Күнтуу – Токбай – 15 сом
- Кызыл-Туу айыл ичи – 15 сом
- Кызыл-Туу окуучулар – 5 сом
- Кызыл-Туу – Токбай – 15 сом
- Кызыл-Туу – Токбай окуучулар – 10 сом
2. Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Ту айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-январындагы «Тарифти бекитүү жөнүндө» № 12 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык Кенештин төрагасы |
| М.Б. Суюналиев |