Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-январы № 6

 

Тарифти бекитүү жөнүндө

Кызыл-Туу айыл аймагынын Токбай, Кызыл-Туу айылдарынын ичүүчү жана сугат сууну керектөө үчүн тарифти бекитүү жөнүндө «Таза Конок» муниципалдык ишканасынын мүдүрү Т.Т. Эгембердиевтин арызын сессияда карап жана талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кызыл – Туу айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу, Токбай айылынын ичүүчү жана сугат суусун керектөө тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:

Кызыл-Туу а.

- Абоненттин борбордук колонкадан керектеген ичүүчү суу – 60 сом

- Абоненттин жеке колонкадан керектеген ичүүчү суу – 100 сом

Токбай а.

- Абоненттин борбордук колонкадан керектеген ичүүчү суу – 100 сом

- Абоненттинжеке колонкаданкеректеген ичүүчү суу– 200 сом

Кызыл-Туу а.(Алмабак)

- Абоненттин борбордук колонкадан керектеген ичүүчү суу – 100 сом

- Абоненттинжеке колонкаданкеректеген ичүүчү суу – 200 сом

- Үйгө суу түтүгүнө туташтыруу үчүн – 5000 сом

- Башка керектөөчүлөр (мончо) керектөө мезгили үчүн (6 ай) – 500 сом

Сугат суу (Кызыл-Туу а., Токбай а.)

- огород1 саат сугаруу үчүн – 50 сом

- талааларды сугаруу үчүн 1га (8 саат) – 400 сом

2. Бул токтомдун аткарылышы “Таза Конок” муниципалдык ишканасынын мүдүрү Т.Т. Эгембердиевке жүктөлсүн.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 Айылдык Кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев