Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-июнундагы № 21
Семенов айыл аймагына караштуу Семеновка айылындагы түштүк тарабында жайгашкан “Кичи Ак-Суу” сайындагы,контур № 707 жер тилкесине кум таш майдалоочу кичи завод ачуу жɵнүндɵ
Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши Семеновка айылындагы түштүк тарабында жайгашкан “Кичи Ак-Суу” сайындагы, контур № 707 жер тилкесине кум таш майдалоочу кичи завод ачуу боюнча №2 жер туруктуу комиссиясынын 2022 - жылынын 15-апрелиндеги чечимин карап талкуулап чыгып, Семенов айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Кожояр айылынын тургуну Мамбеков Куватбек Ишембековичке Семеновка менен Кожояр айылынын ортосундагы “Кичи Ак-Суу” сайдын ичинен контур № 707 жер тилкесинен 2 га жер тилкесин ижарага (арендага) 5 жылдык мɵɵнɵткɵ 2022-жылдан 2027-жылга чейин кум таш майдалоочу кичи завод ачуу үчүн бɵлүп берилсин.
2. Бул токтомдун жалпы кɵзɵмɵлдɵɵ жагын Семенов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин №1 туруктуу комиссиясынын жер,агрардык реформа, ɵнɵр жай курулуш жана архитектура,транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча жана кайра иштетүү,экология, ɵзгɵчɵ кырдаал,жайыт маселеси боюнча комиссиясынын тɵрагасы К.Ботбаевге жүктɵлсүн.
3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик – укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын жана ижара акысын мыйзам чегинде сынак аркылуу ɵткɵрүлүшүн Семенов айыл аймагынын башчысы Б.К. Момбековго жана №1 жер комиссиянын торагасы К.И.Ботбаевге милдеттендирилсин.
Тɵрайым |
| А.С.Бараканова |