ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Шадыкан айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 30-марты № 7
Шадыкан айылдык кеңешинин 2022- жылдын 29- мартындагы № 1 Токтом менен кабыл алынган Жобонун У1 пунктунун биринчи сабына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каада -салттарды,салтанаттарды жана үрп адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк,мааракелик салтанаттарды,маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби тууралуу Жобонун У1 пунктунун 1 сабына өзгөртүү киргизүү боюнча комиссиянын сунушун карап талкуулап Шадыкан айылдык аймактык кеңеши
Токтом кылат
1.Жобонун У1 пунктунун 1 сабы Маркумду акыркы сапарга узатуу катышуучулардын санын чектөөсүз жана ийри мүйүздүү мал,жылкы жана кой-эчки союусуз өткөрүлөт деген сап менен өзгөртүүлөр киргизилсин.
Төрага | А.Назаралиев |