Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-июлундагы № 23
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө" КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле Семеновка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси жана алардын стандарттары бекитилсин (№1 жана №2 тиркеме).
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Бул аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семеновка айыл өкмөтүнү башчысы Момбеков Бактыбек Карыповичке милдеттендирилсин.
Тɵрайым |
| А.С.Бараканова |
Эскертүү: Стандарттардын кагаз нускамасы келип түшкөн эмес.