Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-июлундагы № 25
Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-2024-2025 жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016 -жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин негизинде жана Семеновка айыл аймагынын 2023-2024-2025- жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорлорун карап, талкуулап чыгып Семеновка айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2023- жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 10 732 700 (он миллион жети жүз отуз эки миң жети жүз сом) өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
2. 2024-жылга карата 13 267 000 (он үч миллион эки жүз алтымыш жети мин сом) өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
3. 2025- жылга карата 13 379 800 (он үч миллион үч жүз жетимиш тогуз мин сегиз жүз сом) өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4. Жыл ичинде акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Момбеков жана финансы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Д.Сулаймановага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы "Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тɵрайым |
| А.С.Бараканова |