Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-апрели № 201
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы маселелерди жөнгө салуу максатында, "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кооптуу калдыктардын классификаторунда:
- 16-калдык тобу төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын:
"
Түтүк-шифер өндүрүшүнүн калдыктары | 16993 | N 160104/P00/Q16/WS13/T4/C48/H00/D(R)/00/A000 |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |