Редакцияот 27.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХI-сессиясы

 

2024-жылдын 27-марты №31/3

Кум-Дөбө айылдык кеңешинин 19.01.2023-жылындагы №19/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

КыргызРеспубликасынын»Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндөгү»  мыйзамынын 50-беренесинин негизинде,Нарын облусунун,Кочкор районунун прократурасынын 19.03.2024 №11-36-24. Каршылык билдирүү каты менен таанышып, угуп, талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык кеңеши токтом кылат:

 

 

  1. Кум-Дөбө айылдык кеңешинин 19.01.2023-жылындагы №19/1 токтомдун 4-пунктундагы «которулсун жана айыл чарба жерлеринен чыгышталсын»-деген сөздөр, «райондук жерге мунапыс берүү боюнча комиссиясына жердин категориясын которууга сунушталсын» деген сөздөр менен өзгөртүлүп алмаштырылсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмдө калтырам.

  

Төрага

М. Чолпонкулов