Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабрындагы № 36
Семеновка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитүү жөнүндө
“Бюджет, финасы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын декабрь айынын жыйырма жетисинин №4 чечимин карап талкуулап чыгып, Семенов айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Семеновка айыл өкмөтүнө түшкөн максаттуу трансферт 919,3 миң сом акча каражат аппарат бөлүмүнүн айлык маянасына 172,8 миң сом, жана айыл өкмөтүнө тиешелүү иш кагаздарын жасатууга 210,9 миң сом, Ивушка бала бакчасына пожардык сигнализация орнотууга 253,8 миң сом, маданиятка музыкалык аппарат алууга 148,8 миң сом, Колесников орто мектебине жана Жыргал ай бала бакчасына көмүр алууга 42,0 миң сом жана айылдын негизги шоссесине видео байкоо орнотууга 91,0 миң сом бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семеновка айылдык кенешинин "Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести ɵнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чындоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш" маселелери боюнча №2 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Семеновка айыл өкмɵтүнүн башчысы Б.К.Момбековго милдеттендирилсин.
Тɵрайым |
| А.С.Бараканова |