КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХI-сессиясы
2024-жылдын 27-марты №31/4
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү Програмасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Кум-Дөбө айыл аймагынын Арсы айылы экинчи этапка киргендигине байланыштуу кызматташтыка макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 50-беренесинин негизинде, АРИстин эксперти Э.Токоеванын сунуш каты менен таанышып, угуп, талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү Програмасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Кум-Дөбө айыл аймагынын Арсы айылы экинчи этапка киргендигине байланыштуу кызматташтыка макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго жүктөлсүн.
Төрага | М. Чолпонкулов |