Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябрындагы № 33
Семеновка айыл аймагына караштуу “Жыргал ай” атындагы бала бакчасынын тамак-ашка төлөнүүчү акысын жогорулатуу жɵнүндɵ
Семеновка айыл аймагына караштуу “Жыргал ай” атындагы бала бакчасынын жетекчиси Ж.М.Тазабекованын кайрылуусун карап жана талкуулап, Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары темөндөгүдөй токтом кылат:
1. Семеновка айыл аймагына караштуу “Жыргал ай” атындагы бала бакчасынын тамак-ашка төлөнүүчү акысы күнүнө 60 сом (алтымыш) өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Момбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин "Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо" маселелери боюнча № 2 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Тɵрайым |
| А.С.Бараканова |