Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 31
Семеновка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитүү жөнүндө
"Бюджет, финасы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан биснести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чындоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш" маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын сентябрь айынын үчүнүн № 3 чечимин карап талкуулап чыгып. Семенов айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Семеновка айыл өкмөтүнө түшкөн максаттуу трансферт 495,0 мин сом акча каражат ЖКХ бөлүмүнө суу түтүгүн алууга 333,0 мин сом, прожектор алууга 82,0 мин сом, соц. коргоо бөлүмүнө багар көрөрү жок жарандарга көмүр алууга 25,0 мин сом ал эми топ алууга эки мектепке 10,0 мин сом жана аппарат бөлүмүнө калган 45,0 мин сом акча каражатка жаны көчүп баруучу имараттын коридоруна салууга узун килем алынсын.
2. "Жыргал ай" бала бакчасынын 2222-элементине каралган 35,0 мин сом акча каражатты ушул эле бала бакчанын 3112-элементине жылдырылсын жана ар кандай маданий иш чаралар бөлүмүнөн 20,0 мин сом, аппарат бөлүмүнө каралган аз камсыз уй- бүлөлөрдүн турак жайларын камсыздандырууга каралган 18,6 мин сом акча каражат соп. коргоо бөлүмүнө жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин "Бюджет финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү. мыйзамдуулук, коомдук тартипти чындоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш" маселелери боюнча №2 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Момбековго милдеттендирилсин.
Тɵрайым |
| А.С.Бараканова |