Редакцияот 27.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХI-сессиясы

 

2024-жылдын 27-марты №31/5

Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малынын 2024-жылга жазында алыскы ,жакынкы жайлоого чыгаруу, күзүндө көчүп келүү убактысын белгилөө жана баккан мал үчүн бадачылардын эмгек акыларын бекитүү жөнүндө

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, муниципалдык ишкананын жайыт боюнча адиси Б.Абдрасаковдун отчетун угуп, талкуулап  токтом кылат:

 1.  Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга иш планын бекитсин, жана    чабандар менен келишим түзсүн.

2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга, ортоңку жайыттарга уй, топоз,жылкы,кой жандыктарын айдап көчүрүү  15-апрелден 20-апрелге чейин көчүү- конуу иштери аяктасын.

3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга,алыскы жайыттарга уй, топоз,жылкы,кой жандыктарын айдап көчүрүү 5-июндан  10-июнга  чейин көчүү- конуу иштери аяктасын.

4. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулары 2024-жылга, кайра алыскы жайыттардан, ортонку жайыттарга көчүп келүү 5-сентябрга көчүп келинсин.

5. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга, ортонку жайттардан ички жайыттарга  көчүп келүү 10-октябрда аяктасын.

6. Жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акынын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмеси учурдагы жылдын 15-апрелинен кечиктирилбесин,ал эми калган бөлүгү         1-ноябрынан кечиктирилбесин.

7. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга,жайыт акысы бодо  жандыктарына 100сом, кой,эчкиге20сом, топозго1000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

8. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга,мал баккан акысы бодо жылкы, уй баккандыгы үчүн 550 сом өлчөмүндө,майда жандык кой,эчкиге 70 сом өлчөмүндө алынсын.

9. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга, жайыт пайдалануучулардын бир отардагы кой , эчкинин саны 800 баштан ашпасын.

10. Муз-Төр жайлоосунан Капка-Таш ички жайытына чейинки корук иштери 2024-жылдын 10-июнунан  башталсын.

11. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт тармагындагы 2024-жылга, жайыт пайдалануучулардын Шамшы айылындагы топоздор алыскы жайыт “Утөр” жайлоосуна көчүрүлсүн.

12. Жогорудагы белгиленген пункуттар аткарылбаган учурда, жайыт мыйзамынын жана укук бузуулар жөнүндө  кодексинин негизинде айып пул салынары эскертилсин.

 

  

Төрага

М. Чолпонкулов