КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХII-сессиясы
2024-жылдын 18-апрели №32/2
Бириктирилген Кум-Дөбө айыл аймагынын чек арасын аныктоодо кээ бир маселелер жөнүндө
Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кум-Дөбө айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап Кум-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы Кум-Дөбө айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын түзгөндө Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо айылынын калкынын саны 2840 адам экендиги эске алынбай калгандыгы белгиленсин.
2. Бириктирилген Кум-Дөбө айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасындагы Кара-Тоо айылы деп белгиленбегендиктен, Арсы деген сөздүн ордуна “Кара-Тоо”жана “Арсы” деп өзгөртүүгө сунушталсын.
3. Бириктирилген Кум-Дөбө айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасындагы Семиз-Бел айыл аймагына бөлүнгөн Соң-Көл жайытына КР Президентинин Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 жарлыгынын 3-пунктуна ылайык Кара-Тоо жана Арсы айылдарын киргизүүгө сунушталсын.
4. Бириктирилген Кум-Дөбө айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасына жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү киргизүүгө сунушталсын.
5. Кабыл алынган өзгөртүлгөн чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Чолпонкулов |