КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХ-сессиясы
2024-жылдын 15-марты №30/3
Кум-Дөбө айыл аймагын өнүктүрүү боюнча 2024-2029 жылга карата стратегиялык жана инвестициялык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде,Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун Кум-Дөбө айыл аймагын өнүктүрүү боюнча 2024-2029 жылга карата стратегиялык жана инвестициялык планы менен таанышып угуп, талкуулап Кум-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагын өнүктүрүү боюнча 2024-2029 жылга карата стратегиялык жана инвестициялык планы бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагын өнүктүрүү боюнча 2024-2029 жылга карата стратегиялык жана инвестициялык планын аткаруу,ишке ашыруу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнун башчысы М.Исраиловго милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өз милдетиме калтырам.
Төрага |
|