ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIV-сессиясы
2024-жылдын 12-апрели №1
Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл башчылыгында 2024-жылдагы жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарынын бааларын бекитүү жөнүндө.
Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл башчылыгында 2024-жылдагы жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарынын бааларын бекитүү жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл башчылыгында 2024-жылдагы жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарынын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
-айдап себүү боюнча –айдоо 1 гектарга 25 литр май, 1600 сом АРИС аркылуу келген тракторго социалдык жактан аз камсыз болгон жарандар үчүн; жеке менчик тракторлор үчүн 1800 сом;
-малалоо 10 литр май, 1000 сом;
-себүүгө 10 литр май 1200 сом;
шак тартууга 5 литр май 500 сом; .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |