ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIV-сессиясы
2024-жылдын 12-апрели №2
Жайыт маселеси, сугат сууларын пайдалануу, таштанды чыгаруу, ичүүчү таза суу маселеси жөнүндө
Жайыт маселеси, сугат сууларын пайдалануу, таштанды чыгаруу, ичүүчү таза суу маселеси боюнча Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Төргө көчпөгөн чабандарга 20,0 мин сом штраф салынсын;
- жалаң бодо же жалаң жандык менен жайытка чыккандарга тыюу салынсын, эгер чыкса 50,0 мин сомдон айып пул салынсын, Мин-Бугуга көчө турган чабандарга жалаң бодо же жалаң жандык менен чыкканга уруксаат берилсин;
-бадага бодо малга 500, майда жандыкка 50 сом деп бекитилсин эгер ушул бааны көтөрө турган болсо 100,0 мин сом айып пул салынсын, үч жылга чейин мораторий жарыялансын, баа көтөрүлбөсүн;
-жайлоого чыгарбай айдап жиберген малга да жайыт билети алынсын, албаса айып пул салынсын, айыл башчыларга милдеттендирилсин;
-айылда калган малга чектөө киргизүү боюнча майда жандыкты багууга баасы 200 сомдон ашпасын;
-Ой-Кайынга бир, Көлмөгө бир, Мин-Текеге бир короо тосууга уруксаат берилсин, андан башка короо тосууга тыюу салынсын, эгер салса анда 20,0 миң сом айып пул салынсын;
-Арпатектир менен Кара-Төр Ой-Кайыңга көчүүчү чабандар үчүн убактылуу отурчу жайытка айландырылсын, Арпатектир менен Кара-Төргө жана Чалкакты, Суук-Төр, Кош-белге бир да чабанга жайыт билети берилбесин;
2.- Жайыт маселеси боюнча:
-жаздоого көчүү 5-апрелден 10-апрелге чейин;
-жайлоого көчүү 25-майдан 5-июнга чейин;
-күздөөгө көчүү 25-сентябрдан 1-октябрга чейин;
-кыштоого көчүү 20-ноябрга белгиленсин;
- 10-апрелден корук уюштурулуп мал алган чабандар жаздоого көчүрүлсүн;
-10-апрелден айылда калган саан уйларга кесүү уюштуруу айыл башчыларга милдеттендирилсин;
-айылда калган минги аттар же саан уйлар айдоо аянтына кирип зыян келтирсе малдын ээлерине биринчи эскертүү берилсин, экинчи ирет түшкөн малдын башына бир бодо малга КР бузуулар боюнча кодексинин негизинде айып пул салынсын;
- белгиленбеген мөөнөттө жаздоодон жайлоого же жайлоодон күздөөгө көчпөй койгон же белгиленген мөөнөттөн эрте көчүп келген чабандарга кат жүзүндө эскертүү берилип үч күндүн ичинде көчпөсө КР бузуулар кодексинин негизинде 500 сом айып пул салынсын;
3. Жайыт жерлерин башка максатка пайдалануу боюнча тарифтери төмөндөгүдөй
-балык багуу максатында -5000 сом;
-этно комплекс же жайкы эс алуучу жайларга 5000 сом;
- жашылдандыруу, көп жылдык дарактарды отургузуу -1000 сом;
-чөп чабынды -1 га -1500 сом;
- кунарсыз жерди өздөштүрүү 1 га -1500 сом;
карьерлерди колдонуу бир сезонго -180 000 сом;
- автошкола автодром -120 000 сом;
- Нур-Телеком бир айга -15000 сом деп бекитилсин.
4. Ичүүчү таза суу маселеси боюнча:
-тиешелүү кызматтар менен макулдашпастан, квартиралардын ичинде жайгашкан суу түтүгүнүн, канализациянын тутумунун инженердик тутамдарынын жана курулмаларынын бүтүндүгүн бузса КР бузуулар боюнча кодексинин 72-беренесине ылайык 2-категориядагы айып пул салынсын;
- суу түтүгүнүн, канализациялык ачуу тетиктерин жөнгө салуу, пломбаларды жулуу жана суу менен жабдуу тутумунун кадимкидей иштешин бузууга алып келсе КР бузуулар боюнча кодексинин 73-беренесине ылайык 3-категориядагы айып пул салынсын;
- бак-дарактарды, огородду суу түтүгүнөн ичүүчү суу менен сугаруу биринчи эскертүүгө жана 1-категориядагы айып пул салынсын;
-суу түтүгүнө, канализация тутумуна өзүм билемдик менен кошулса КР бузуулар боюнча кодексинин 75-беренесине ылайык 2-категориядагы айып пул салынсын;
-ичүүчү суунун 1 м3 на 9,5 сом деп бекитилсин;
5. Сугат суу маселеси боюнча:
-сугат суу боюнча –сугат суусун өзүм билемдик менен жыгып алуу КР бузуулар боюнча кодексинин негизинде айып пул салынсын;
- сугат мезгилинде сууну кароосуз калтырып жолдорду андатып жиберсе КР бузуулар кодексинин негизинде айып пул салынсын;
6.Таштанды чыгаруу маселеси боюнча;
-белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өрттөө КР бузуулар боюнча кодексинин 71-беренесинин 1-пунктуна ылайык 3-категориядагы айып пул салынсын;
- белгелинебеген жерлерге өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштап өрттөө ошондой эле жалбырактарды өрттөө КР бузуулар кодексинин 71-беренесинин 2-пунктуна ылайык 4-категориядагы айып пул салынсын;
7. “Чаек” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
Таштанды чыгаруу ГАЗ-54 автосамосвалы менен бир рейс:
-жеке жактарга рейсине -1500 сом;
-юридикалык жактарга -2620 сом калькуляция менен;
-Эксковатор менен септик казуу :
-жеке жактарга-2000 сом;
-юридикалык жактарга -3184 сом калькуляция менен;
Туалетке чункур каздыруу:
-жеке жактарга -1500 сом;
Суу киргизүүгө траншея каздыруу метри:
-жеке жактарга- 100 сом;
-юридикалык жактарга- 200 сом;
Септик сордуруу ГАЗ-53 (асенизатор) автомашинасы менен бир рейске:
-жеке жактарга -2000 сом;
-юридикалык жактарга 2624,64 сом калькуляция менен,
-фронталдык жүктөгүчтүн элге кызмат көрсөтүүсү 1 саатка 1000 сом, күйүүчү май -15 литр:
Автоунаага жүктөө кызмат көрсөтүүсү:
-ХОВО -1000 сом, күйүүчү май 17 литр;
-КАМАЗ-800 сом, күйүүчү май 15 литр;
ЗИЛ-130- 500 сом, күйүүчү май 10 литр;
Карьерге барып кум топурак жүктөө:
-ХОВО -1000 сом;
-КАМАЗ-700 сом;
-КАМАЗ-500 сом;
Башка айылдарга кызмат көрсөтүүсү:
-саатына 1500 сом, күйүүчү май -20 литр, аралыгына жараша май куюлат;
Чабандардын короо сарайларын тейлөө:
-бир сарайга 1000 сом, күйүүчү май аралыгына жана иштеткенине жараша куюлат.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |