Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIV-сессиясы
2024-жылдын 12-апрели №3
Чаек айыл өкмөтү, Кызыл-Жылдыз айылы менен Беш-Терек айылын бириктире турган 1 км жолун Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекеме ишканасына баланска өткөрүп берүү жөнүндө.
Чаек айыл өкмөтү, Кызыл-Жылдыз айылы менен Беш-Терек айылын бириктире турган 1 км жолун Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекеме ишканасына баланска өткөрүп берүү жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айыл өкмөтү, Кызыл-Жылдыз айылы менен Беш-Терек айылын бириктире турган 1 км жолун Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекеме ишканасына баланска өткөрүп берүү макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |