Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIV-сессиясы
2024-жылдын 12-апрели №5
Чаек айыл аймагындагы жерлерди трансформациядан өткөрүү жөнүндө
Чаек айыл аймагындагы жерлерди трансформациядан өткөрүү жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айылындагы Питомник аймагын жана Кара Таш участкасындагы жерлер да багыты жайыт болгондуктан багытын өзгөртүп өндүрүшкө пайдаланууга берүү үчүн трансформациядан өткөрүп берүү жагы;
-Чаек айыл аймагындагы 2647 контурундагы 1,4 гектар анын ичинен 1,3 гектар жайыт, 0,1 гектары арыктар, 2492 контурундагы 0,6 гектар, 2053 контурундагы 3,9 гектар анын ичинен 3,7 гектар жайыт, 0,1 гектар арыктар, 0,1 гектар каналдар, 2491 контурундагы 3,7 гектар анын ичинен 3,6 гектар жайыт 0,1 гектар арыктар, багыты жайыт болгондуктан турак-жай салууга берүү үчүн багытын өзгөртүп трансформациядан өткөрүп берүү жагы;
-Кызыл-Жылдыз айылынан 2611 контурундагы 1 гектар, 2616 контурундагы 2 гектар . жер ФПС тин жери болгондуктан турак-жай салууга берүү үчүн багытын өзгөртүп трансформациядан өткөрүп берүү жагы;
-Көк-Ой айылынан Ак-Моло 1272 контурундагы 97 гектар, Ак-Бешим 1271 контурундагы 30 гектар ФПС тин жери болгондуктан турак-жай салууга берүү үчүн багытын өзгөртүп трансформациядан өткөрүп берүү жагы;
-Көк-Ой айылынан Куусеки 2108 контурундыгы 7 гектар, Алма 1396 контурундагы 1,6 гектар, Сасык булактын оозу 2104 контурундагы 5 гектар жер багыты жайыт болгондуктан турак жай салууга берүү үчүн багытын өзгөртүп трансформациядан өткөрүп берүү жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Набиевден суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |