Редакцияот 19.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIII-сессиясы

 

2024-жылдын 19-марты  №7

  Кыргыз Республикасынын Салык  кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык нарктык зоналардын чектери (К3) Зоналдык коэффициентти 0,3 төн 2,0 гө чейинки өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык нарктык зоналардын чектери (К3) Зоналдык коэффициентти 0,3 төн 2,0 гө чейинки өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жумгал районунун 13 айыл өкмөтү аймакташкандыгына байланыштуу, Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-мартындагы №3 кабыл алынган зоналдык коеффициент (К3) 1,2 өлчөмүндө бекитилген айылдык кеңештин Токтому бүгүнкү күндө юридикалык күчүн жоготкондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык  кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык нарктык зоналардын чектери (К3) Зоналдык коэффициентти 0,3 төн 2,0 гө чейинки өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айылдык өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

А. Муталиев