Редакцияот 19.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIII-сессиясы

 

2024-жылдын 19-марты  №12

        Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан “Ыман” коомдук бирикмеси жана Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу келишимин бекитип берүү жөнүндө.

 

Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан “Ыман” коомдук бирикмеси жана Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу келишимин бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан “Ыман” коомдук бирикмесине тааныдк Кызыл-жылдыз айылынын И.Модубаев көчөсүнүн №6 б дарегинде (индекс номери 4-03-10-1003-0414) жайгашкан имаратты, бала бакча катары колдонууга, Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына 24.01.2024-жылдан тартып 24.01.2029-жылга чейин (5-жылга) өткөрүп берүү жөнүндө түзүлгөн эки тараптуу келишими бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Муталиев