Редакцияот 19.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезектеги XIII-сессиясы

 

2024-жылдын 19-марты  №13         

Арал айылынын клубун, китепканасын жана Беш-Терек айылынын китепканасын акча каражаты менен каржылоону токтотуу жөнүндө.

 

Арал айылынын клубу, китепканасы жана Беш-Терек айылынын китепканасын акча каражаты менен каржылоону токтотуу жөнүндөЧаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылы өкмөттөрү бириктирилгенден кийин акча каражаттын тартыш болуп жетишпегендигинен Арал айылынын клубун, китепканасын жана Беш-Терек айылынын китепканасын  Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты менен каржылоо  токтотулсун.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага

А. Муталиев