КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-январы № 7
Кошумча каржылоо жөнүндө
“Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Новое айылында ФАП куруу” үчүнчү айылдык инвестициялык долбооруна жергиликтүү бюджеттен 279159 миң сом (эки жүз жетимиш тогуз миң бир жүз элүү тогуз) сом кошумча каржылоо боюнча Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун сессиянын отурумунда карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Новое айылында ФАП куруу” үчүнчү айылдык инвестициялык долбооруна жергиликтүү бюджеттен 279159 миң сом (эки жүз жетимиш тогуз миң бир жүз элүү тогуз) сом кошумча каржылоого макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык Кенештин төрагасы |
| М.Б. Суюналиев |