Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 7-майы №171
Сүлүктү шаарынын прокурорунун 30.04.2024ж. №24/144-07-11-7-00271 чыгыш сандагы Каршылык билдирүүсү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын прокурорунун 30.04.2024ж. №24/144-07-11-7-00271 чыгыш сандагы Каршылык билдирүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 39-беренесинин 4, 5-пунктунун, 2009-жылдын 20-июлу №241 ”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинини негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин кезексиз XXXII сессиясынын 06.02.2024ж. №156 “Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасы Р.М. Жайнаковдун шаардык кеӊештин төрагасы кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызын кароо жөнүндө ” токтому күчүндө калтырылсын;
2. Сүлүктү шаардык кеӊешинин кезексиз XXXII сессиясынын 06.02.2024ж. №157 “Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө” токтому күчүндө калтырылсын;
3. Сүлүктү шаардык кеӊешинин кезексиз XXXIII сессиясынын 08.02.2024ж. №158 “Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Г.Б. Сапарованын шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызын кароо жөнүндө ” токтому жокко чыгарылсын;
4. Сүлүктү шаардык кеӊешинин кезексиз XXXIII сессиясынын 08.02.2024ж. №159 “Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын;
5. Сүлүктү шаардык кеӊешинин кезексиз XXXIII сессиясынын 08.02.2024ж. №160 “Сүлүктү шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому күчүндө калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| М.А. Кутбидинов |
|
|