Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 7-майы №172
Сүлүктү шаардык кеӊешинин I сессиясынын 14.05.2021жылдын №1 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаардык кеӊешинин Регламентинин 4-главасынын 4.15пунктун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин директорунун орун басары М. Т. Саргазаковдун катына ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктунун, 2009-жылдын 20-июлу №241 ”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин I сессиясынын 14.05.2021жылдын №1 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаардык кеӊешинин Регламентинин 4-главасынын 4.15. “Туруктуу комиссиянын айрым мүчөлөрүнө, комиссиянын отурумуна жүйөлүү себептер менен катыша албаган учурда видео конференция жолу менен катышууга уруксат берилет. Туруктуу комиссиянын отурумун видео конференция шартында өтүлүүсүн шаардык кеңештин аппараты камсыздайт” деген пункту жокко чыгарылсын;
2. Регламентти ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| М.А. Кутбидинов |
|
|