Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 7-майы №173
Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Г.Б. Сапарованын шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызын кароо жана шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Г.Б. Сапарованын шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызы боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренсинин 8-пунктунун, 41 беренесинин 1 пунктунун негизинде жана шаардык кеӊештин Регламентинин 3 - главасынын 10 – пунктуна ылайык, маселени талкуулап депутаттардын ачык добуш берүүсүнүн негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Г.Б. Сапарованын шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызы канааттандырылсын;
2. Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басарлыгына шаардык кеӊештин депутаты Рустамова Базаргүл Саттаровна жана Акимов Уланбек Акылбекович шайланды деп эсептелсин;
3. Шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарлары тийиштүү ченемдик - укуктук актылардын жана шаардык кеӊештин Регламентинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктун чегинде иш алып барсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын
Төрага
| М.А. Кутбидинов |
|
|