Сүлукту шаардык кеңешинин 2024-жылдын 7-майындагы №171 токтомуна ылайык
күчун жоготту
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз ХХXII сессиясы
2024-жылдын 8-февралы №158
Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Г.Б. Сапарованын шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызын кароо жөнүндө
Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Г.Б. Сапарованын шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренсинин 8-пунктунун жана шаардык кеӊештин регламентинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Г.Б. Сапарованын шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Г.Б.Сапарованын Сүлүктү шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укугу 2024-жылдын 8-февралыдан токтотулсун
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын
Төрага | М.А.Кутбидинов
|