КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2024-жыл 19-апрели №19-2
“Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү” жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун кайрылуусунун негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагынан агып өткөн “Көк-Арт дарыясынын жээгин бекемдөөгө күйүүчү май сатып алуу” долбоорунун алкагында 10% төлөмгө жергиликтүү бюджеттен 26000 (жыйырма алты миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Калган керектелүүчү 260 000 (эки жүз алтымыш миң) сом акча каражаты Сузак өнүктүрүү өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |