Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 24-ноябры № 734-т

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Иран Ислам Республикасынын Жогорку аудитордук сотунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Иран Ислам Республикасынын Жогорку аудитордук сотунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана Иран Ислам Республикасынын Жогорку аудитордук сотунун (мындан ары - "Тарап" жана бирге аталышы "Тараптар"),

Аудиттин жогорку органдарынын Эл аралык уюмунун (ИНТОСАИ), Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) ишинин негиз салуучу принциптерин жана жоболорун, кызматташуунун башка форматтарын жетекчиликке алып,

өз ара урматтоо, ишеним, теңдик жана өз ара пайдалуу кызматташууну негиздөө менен, мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун жогорулатууга тараптардын бирдей каалоосун билдирүү менен,

төмөнкүлөр жөнүндө ушул Меморандумду түзүштү:

1-берене.

Тараптар өзүнүн компетенциясынын чегинде ушул Меморандумду жетекчиликке алып жана өзүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен, төмөнкүдөй негизги чөйрөлөрдө кызматташат:

1) методология жаатында тажрыйба алмашуу жана тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү жол-жоболору;

2) кесиптик ыкмаларды жогорулатуу жаатында өз ара аракеттенүү;

3) тараптардын иши жөнүндө маалымдама материалдарды жана маалымат алмашуу;

4) консультацияларды, биргелешкен изилдөөлөрдү жана биргелешкен (параллель) аудитордук иш-чараларды, семинарларды, конференцияларды жана практикумдарды уюштуруу жана өткөрүү.

Тараптар өзүнүн мандаттарынын чегинде өз ара кызыкчылыкты көрсөткөн аудитордук иштин башка жаатында кызматташууну өнүктүрөт.

2-берене.

1. Ушул Меморандумдун алкагында Тараптардын ар бири маалымат жана материалдарды алмашууга, эл аралык маалымат алмашууга, мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка маалыматтарды коргоого катышууну жөнгө салуучу өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарын жетекчиликке алат.

2. Тараптардын ар бири биргелешкен изилдөөнү жана биргелешкен (параллель) аудитордук иш чараларды өткөрүүдө өзүнүн мамлекеттик мыйзамдарын жетекчиликке алат.

3-берене.

Тараптардын ар бири өзүнүн кызматкерлеринин кесиптик ыкмаларын жогорулатуу максатында, чакыруучу Тараптын аймагында уюштурулган, эл аралык мүнөздөгү башка иш-чараларга жана конференцияларга, семинарларга, стажировкаларга катышуу үчүн башка Тараптын делегациясын жана айрым кызматкерлерин өз ара макулдашуу боюнча чакырат.

4-берене.

Тараптар Тараптын иши жөнүндө маалыматтарды, материалдарды жана ченемдик укуктук актыларды англис жана Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча башка тилде алмашат.

5-берене.

Тараптар алардын мамлекетинин мыйзамдары менен каралган каражаттардын же жеке каражаттарынын эсебинин чегинде, ушул Меморандумду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды өз алдынча тартат.

6-берене.

Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумдун жоболору өзгөрүшү же толукталышы мүмкүн. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана өзүнчө протоколдор менен таризделиши керек. Мындай протоколдор Тараптардын мамлекеттеринде колдонулган ченемдик жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.

7-берене.

Ушул Меморандумдун жоболорун колдонууда жана чечмелөөдө Тараптардын ортосунда пайда болгон маселелер сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.

8-берене.

Ушул Меморандум Тараптар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.

9-берене.

Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана белгисиз мөөнөткө түзүлөт.

Тараптардын ар бири аны бузууга чейин алты (6) ай ичинде жазуу жүзүндө Тараптардын бирине кабарлоо менен ушул Меморандумду бузууга укуктуу.

 

2023-жылдын "___" _________ __________ шаарында бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, ар бири эки нускада, кыргыз, фарси жана англис тилдеринде түзүлдү. Ушул Меморандумдун текстин чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст жетекчиликке алынат.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын атынан

 

Иран Ислам Республикасынын Жогорку аудитордук сотунун атынан