Редакцияот 09.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 9-февралы №3

Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө

Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын жетинчи сессиясы токтом кылат:

 

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен 1570013 сом акча каражатын калгандыгы эске алынсын.

2.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен калган 1570013 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 307766 сом бөлүнсүн.

Анын ичинен:

-Айылдык кеңештин төрагасына өткөн сессиялары үчүн компенсация 24000 сом;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзуна мүчөлүк акы (бир жанга бир сомдон) 3766 сом;

-айыл өкмөтүнө сайт ачуу үчүн 30 000 сом;

-айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа сатып алууга 250 000 сом

 

Айыл өкмөтүнө караштуу ТЖК бөлүмүнө 1057247 сом бөлүнсүн.

Анын ичинен:

- Электрик бир адам айына 10000 сомдон бир жылга 120000 сом

- Айылдагы таштандыларды чыгаруу үчүн бир адам айына 8000 сом бир жылга 96000сом

- Мамлекеттик сатып алуу иштерин алып баруу үчүн бир айга 6500 сом бир жылга 78000 сом;

-Архив ишин жана айылдык кеңештин иш кагаздарын алып баргандыгы үчүн бир айга 4000 сом бир жылга 48000 сом

  Жалпысы эмгек акыга 342 000 сом;

- Соц.фондго чегерүүгө 59000 сом;

-Таштандыларды таштоочу жайды курчоого материалдарды алууга 150000 сом;

-Шааба курууга 150000 сом;

-Айыл аймагына караштуу ички арыктарды тазалоого солярка 1 тонна 60000 сом;

-Мүрдө тегерегиндеги арыктарды оңдоо 40000 сом;

-труба сатып алууга 256247 сом;

-айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Ормотоев атындагы “Баластан” балдар бакчасынын майда чыгымдар статьясына 13000 сом акча каражаты бөлүнсүн.

-Мектептин 2 корпусундагы жылыткычтарын жаңыртуу үчүн 180 000 сом бөлүнсүн.

--Миң-Булак айылындагы №8 дарыгерлер тобунда дарыгер жок болгондугуна байланыштуу райондон бөлүнгөн башкы дарыгердин келип-кетип иштегендиги үчүн компенсация айына 1000 сомдон бир жылга 12000 сом;

 

3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бакай-Ата финансы башкармалыгына сунуш кылынсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Койчубаев