Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 30-апрели № 206-т
Милдеттери мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, эл аралык окуу китептерин жана окутуунун методикаларын адаптациялоо жана киргизүү болуп саналган, атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоого жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого багытталган "Алтын Казык" билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси аркылуу Marshall Cavendish (Сингапур) басма үйүнөн математика, физика, химия жана биология (science предмети) боюнча, ошондой эле Cambridge University Press (Улуу Британия) басма үйүнөн англис тили жана информатика боюнча окуу-методикалык комплекстерге (окуу китеби, жумушчу дептер, мугалим үчүн методикалык колдонмо, окуу китебине санариптик материалдар) лицензияларды окуу китептеринин ижарасынан чогулган каражаттардын эсебинен, методологияны өткөрүп берүү боюнча мугалимдер үчүн зарыл болгон тренингдерди өткөрүү менен алсын;
2) 2026-жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен жогоруда аталган бардык предметтер боюнча жаңы окуу китептерин которуу, адаптациялоо жана киргизүү процессин аяктасын;
3) билим берүү секторун өнүктүрүү боюнча донорлордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарына 9-класстын окуучуларын PISA тестине даярдоо боюнча Cerebry (Сингапур) платформасын пайдаланууга 130000 жазылууну алсын;
4) Google Workspace жана Google Education маалымат системасын пилоттоо үчүн пилоттук жалпы билим берүү уюмун аныктасын жана каралган каражаттардын чегинде жалпы билим берүү уюмун ички зымсыз Интернет тармагы менен камсыз кылуу үчүн каражаттарды тапсын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |