Редакцияот 24.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 24-февралы №1

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын сегизинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

 

 

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу №451-токтомун жетекчиликке алуу менен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктери 11 (он бир) бирдикте бекитилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Токторалиевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Койчубаев

 

Тиркеме №1

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ

Миң-Булак айылдык кеңешинин

төрагасы_________________

Т. Койчубаев

24.02.2022-жыл.

БЕКИТЕМ

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн

башчысы______________

А.Жумакеева

24.02.2022-жыл.

 

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык бирдиктеринин саны

 

Кызматтардын аталыштары

Миң-Булак айыл аймагынын калкынын

саны 3766 адам

2 ден 5ке чейин

Айыл өкмөтүнүн башчысы

1

Жооптуу катчы

1

Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы

1

Жер, турак жай-коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис

1

Маалыматтык-компьютердик технологиялар боюнча башкы адис

1

Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис

1

Киреше боюнча жетектөөчү адис

1

Экономика жана статистика боюнча адис

1

Жыйынтыгы

8

Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары

Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору

1

Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлер ТТК, КТК

Кароолчу

1

Жыйноочу

1

Жыйынтыгы

2

Жалпы штаттык бирдиктин саны

11

 

Миң-Булак

айыл өкмөтүнүн

жооптуу катчысы

 

 

А.Акматова