Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-апрели № 216
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алуулардын ачыктыгын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун ТИПТҮҮ ТАРТИБИ
1-глава. Колдонуу чөйрөсү, милдеттер жана принциптер
1. Бул Типтүү тартип мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруунун жана ишке ашыруунун алкактык жоболорун аныктайт.
2. Каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, сатып алууларга тобокелдүү багытталган мамилени колдонуу менен заказчынын товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөсүн өз убагында жана толук канааттандыруу максатында заказчы төмөнкү принциптерге негизделет:
1) үнөмдүүлүк - баа, сапат сыяктуу факторлорду жана зарылдыгына жараша заказчынын экономикалык жана финансылык жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеген башка баа эмес мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен сатып алууларды жүргүзүүнү билдирет;
2) натыйжалуулук - сатып алуу жол-жоболору объектинин наркын жана натыйжага жетүү тобокелдиктерин эске алып, ишке ашыруу потенциалын, убакыттын чектелишин жана чыгымдардын натыйжалуулугун көңүлгө алуу менен пландалган иш-чараларга шайкеш келиши керек;
3) адилеттүүлүк:
- тооруктун мыйзамдуу катышууларына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана укуктарды берүү;
- заказчы менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн ортосунда укуктарды жана милдеттерди адилеттүү бөлүштүрүү;
- сатып алуулар менен байланышкан даттанууларды жана укуктук коргоо үчүн кайрылууларды кароонун ишенимдүү механизминин болушу;
4) ачыктык жана айкындуулук - тиешелүү документтерди иштеп чыгуу жана сатып алуу процессин текшерүү аркылуу заказчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- сатып алуулар жөнүндө маалыматты бардык кызыкдар тараптар үчүн системага өз убагында жана иреттүү жайгаштырууга;
- сатып алуулар боюнча талаптагыдай отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- негизделген учурларда гана келишимдерде купуялуулукту сактоо жөнүндө жобону колдонууга;
5) чынчылдык жана сатылбастык - сатып алууларга карата кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу жана коррупция менен паракорлук көрүнүштөрүнө жол бербөөчү талаптарды сактоо.
3. Сатып алуу жол-жоболорунун милдеттери сатып алуулар процессин жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, заказчынын өз алдынчалыгын жана жоопкерчилигин жогорулатуу, коррупциялык факторлорду четтетүү, анын ичинде туруктуу сатып алууларга дем берүү жана ата мекендик продукцияны пайдалануу аркылуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эске алуу менен баанын жана сапаттын өз ара катышынын максималдуу жол берилген натыйжасына жетүү болуп саналат.
4. Ушул Типтүү тартип менен жөнгө салынбаган сатып алууларды уюштуруу жана ишке ашыруу маселелери заказчынын ички документтерине жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыккан стандарттуу конкурстук документтерге ылайык жөнгө салынат.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
5. Ушул Типтүү тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) рынокту талдоо - заказчы тарабынан товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун бардык жеткиликтүү каражаттар (интернет-сайттар, адистештирилген маркет-плейстер, оферта, мурда түзүлгөн келишимдер, анын ичинде мурда түзүлгөн келишимдер боюнча банктык коштоонун алкагында алынган маалыматтар, коммерциялык сунуштар) менен изилдөө, анын жыйынтыктары сатып алуулардын натыйжалуулугун жана сапатын камсыздоо үчүн колдонулат;
2) коррупцияга каршы эскертүү - заказчы менен жеткирүүчүнүн ортосундагы коррупциялык аракеттерди же кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо максатында келишимдин шарты, ал өзүнө этикалык ченемдерди сактоону камсыз кылууга, кызматтык ыйгарым укуктарын же ресурстарга жетүү мүмкүндүгүн кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоого багытталган ар кандай чараларды жана механизмдерди камтыйт;
3) банктык коштоо - банктык коштоо жөнүндө заказчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде ыйгарым укуктуу банк тарабынан сатып алуу жөнүндө келишимди жеткирүүчү жана сатып алуу жөнүндө келишимди аткаруу үчүн тартылган жактар (мындан ары - кошо аткаруучулар) тарабынан аткаруунун жүрүшүндө ишке ашырылуучу эсептешүүлөрдүн алкагында ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсептеги акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыз кылуу, ошондой эле банктык коштоонун натыйжаларын заказчыга, ыйгарым укуктуу органга, жеткирүүчүгө жана банктык коштоо жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн башка жактарга кабарлоо;
4) топ ичиндеги кооперация - компаниянын, ишкананын, анын ичинде ведомстволук, туунду, көз каранды уюмдардын тобунун ичиндеги уюмдардан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
5) кепилдиктер жөнүндө декларация - конкурстук жол-жоболордун алкагында заказчыга жеткирүүчү тарабынан берилүүчү документ, анда жеткирүүчү финансылык туруктуулугун, ак ниеттүүлүгүн, аброюн, өзүнүн даярдыгын жана заказчынын талаптарына жана колдонулуучу мыйзамдык ченемдерге ылайык милдеттенмелерди аткарууга жөндөмдүүлүгүн ырастайт;
6) банктык коштоо жөнүндө келишим - заказчы ыйгарым укуктуу банк менен түзгөн жана сатып алуу келишимдерин банктык коштоо кызматтарын көрсөтүүнү караган келишим;
7) заказчы - мамлекеттик, муниципалдык ишкана же уставдык капиталындагы акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коом;
8) сатып алуу - заказчы тарабынан анын өндүрүштүк ишин жана нормалдуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, буга төмөнкүлөр кирбейт:
- жыйымдарды, алымдарды, төлөмдөрдү, мүчөлүк төгүмдөрдү, анын ичинде соттордо талаш-тартыштарды чечүү менен байланышкандарды төлөө жана акы төлөнүүчү мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө;
- юридикалык жактардын уставдык капиталына салымдарды киргизүү;
- юридикалык жактардын уставдык капиталындагы акцияларды (катышуу үлүштөрүн) сатып алуу, анын ичинде өздөрүнүн акцияларын сатып алуу;
- ички жана мамлекеттер аралык рыноктордо электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
- ишкердик иштин субъекттери болуп саналбаган жеке же юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде жеке нотариустардын, жеке адвокаттардын, брокерлердин кызмат көрсөтүүлөрүн, товарларды экспертизалоо, товарлардын келип чыгуу сертификаттарын берүү кызматтарын сатып алуу;
- командировкалык чыгымдардын жана аны коштоочу чыгымдардын, өкүлчүлүк чыгымдарынын ордун толтуруу;
- уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө сый акы төлөө, аларга сый акы төлөө жөнүндө чечим башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган компетенциясынын чегинде кабыл алынат;
- чарбакер коомдордо убактылуу сырттан башкарууну жүзөгө ашырган убактылуу сырттан башкаруучуга сый акы төлөө;
- мүлккө убактылуу ээлик кылуу жана/же пайдалануу (ижарага алуу) укугун сатып алуу;
- банктык кызмат көрсөтүүлөр;
9) конкурстук комиссия - товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча конкурс өткөрүү үчүн заказчынын кызматкерлеринин арасынан түзүлгөн коллегиалдык жумушчу орган;
10) конкурстук өтүнмө - конкурстук документтердин талаптарына ылайык конкурска катышууга жеткирүүчү тарабынан киргизилген сунуш;
11) өзүнчө эсеп - банктык коштоо жөнүндө келишимге ылайык белгиленген, операцияларды жүргүзүүнүн атайын режимине ээ сатып алуу жөнүндө келишимди банктык коштоо максатында ыйгарым укуктуу банкта жеткирүүчүгө жана кошо аткаруучуларга ачылган банктык эсеп;
12) ата мекендик товар өндүрүүчү - Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды өндүргөн же ошол товарга керектөө касиеттерин берүү үчүн товар менен акыркы операцияларды жүргүзгөн жана ошол товарды даярдоочунун юридикалык милдеттерин аткарган, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан берилген товардын келип чыгышы жөнүндө сертификатына ээ Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жактары;
13) сатып алуулардын планы - заказчы тарабынан белгилүү бир мезгилге пландалган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө маалыматты камтыган документ;
14) жеткирүүчү - товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча сатып алуу жол-жоболоруна катышуучу юридикалык же жеке жак;
15) эң жөнөкөй сатып алуу - бул келишим түзбөстөн 50000 сомдон аз суммага жыл ичинде сатып алуу планынын ар бир беренеси боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
16) алкактык макулдашуу - бир же андан көп жеткирүүчү тарабынан кол коюлган макулдашуу, анда келечектеги контракттын шарттары айтылат;
17) система - www.zakupki.okmot.kg бирдиктүү мамлекеттик маалымат порталында электрондук сатып алууларды жүргүзүү үчүн жана (же) сатып алуулар жана берилген контракттар жөнүндө маалыматты заказчылар тарабынан милдеттүү түрдө ачып берүү менен сатып алуулар жөнүндө маалыматты ачып берүү үчүн маалыматтык система;
18) ыйгарым укуктуу банк - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде сатып алуулар чөйрөсүндөгү контрактты банктык коштоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банктардын тизмесине киргизилген, жеткирүүчү тарабынан тандалып алынган банк;
19) ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды жүзөгө ашыруу маселелерин координациялоону камсыз кылууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.
3-глава. Сатып алуунун жалпы шарттары
6. Сатып алуулардын бардык катышуучулары сатып алуу процессинде жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коррупция, алдамчылык, көмүскө бүтүм жана мажбурлоо сыяктуу укукка жат аракеттерге катышпоого тийиш.
7. Заказчы жеткирүүчүлөр сунуштаган маалыматтын бүтүндүгүн жана купуялуулугун камсыз кылат.
8. Заказчы жеткирүүчү менен болгон укуктук мамилелердин жыйынтыгы боюнча, анын ичинде алкактык макулдашууну түзүү максатында товар өндүрүүчүлөрдүн, аттестацияланган (квалификациялуу) жеткирүүчүлөрдүн ички реестрлерин түзүүгө укуктуу. Бул реестрлерди жүргүзүүнүн тартиби заказчынын ички документтеринде аныкталат.
9. Заказчы жеткирүүчү тарабынан келишим аткарылбагандыгына же талаптагыдай аткарылбагандыгына байланыштуу, заказчынын демилгеси боюнча келишимди бузган жеткирүүчүнү системада жайгаштыруу менен ишенимсиз жеткирүүчүлөрдүн реестрине киргизүүгө укуктуу.
10. Заказчы өзүнүн ведомстволук, туунду, көз каранды уюмдары үчүн сатып алууларды уюштуруучу катары чыгууга укуктуу.
11. Топ ичиндеги кооперация жана заказчы жеткирүүчүнүн катышуучусу/уюштуруучусу болуп саналган учурларды кошпогондо, сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирүүчүлөрдүн аффилирленген жактары менен заказчынын кызыкчылыктарынын кагылышуусуна жол берилбейт.
12. Заказчы сатып алуулар жөнүндө келишим аткарылган учурдан тартып алты жылдын ичинде конкурс боюнча бардык документтерди сактоону жүзөгө ашырат.
13. Заказчы контрагенттин аталышын, сатып алуунун суммасын жана предметин көрсөтүү менен келишимди түздөн-түз түзүү жана котировкаларды талап кылуу методу менен ишке ашырылган сатып алууларды кошо алганда, сатып алуулар жөнүндө отчетту квартал сайын системада жарыялайт.
4-глава. Ыйгарым укуктуу орган
14. Ыйгарым укуктуу органдын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу маселелерин координациялоо;
2) сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
3) жүргүзүлгөн сатып алуулар жөнүндө жалпыланган статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды система аркылуу түзүү;
4) сатып алуулар системасына мыкты тажрыйбаларды жана инновациялык технологияларды киргизүү;
5) сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн сатып алуу жөнүндө келишимдерине банктык коштоону колдонуунун тартибин жана шарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу маселелери боюнча маалыматтык иштерди жүргүзүү;
7) системанын администрацияланышын камсыз кылуу;
8) система аркылуу сатып алуучу уюмдардын реестрлерин, жеткирүүчүлөрдүн маалыматтар базасын, ошондой эле ак ниетсиз жеткирүүчүлөрдүн маалыматтар базасын түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылуу;
9) системада даттанууларды жарыялоону камсыз кылуу (мындай даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечим жана мазмуну);
10) сатып алуулар системасын өркүндөтүү маселелери боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенүү.
5-глава. Сатып алуу жол-жоболорунун заказчысы
15. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу процессин уюштуруу сатып алуулар боюнча бөлүм, сатып алуулар боюнча адис же өзүнүн ички документтерине ылайык заказчы ыйгарым укук берген башка адис тарабынан жүзөгө ашырылат.
16. Заказчынын кызмат адамы/башкаруу органы сатып алууларды жүзөгө ашырууда заказчынын финансы каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугу жана үнөмдүүлүгү, бардык жеткирүүчүлөргө карата адилеттүү, бирдей жана калыс мамилени камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
17. Заказчы сатып алууларды баалоо жана мониторинг жүргүзүү, сатып алуулар жол-жоболорунун алкагындагы чечимдерди же иш-аракеттерди жеткирүүчүлөрдүн талашуу жол-жоболорун уюштуруу үчүн ички контролдоо системасынын иштешин камсыз кылышы керек.
18. Заказчы ички документтерде потенциалдуу жеткирүүчүлөрдүн квалификациясынын минималдуу деңгээлине талаптарды, сатып алынуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө талаптарды, ошондой эле конкурстук өтүнмөгө кепилдик камсыздоону берүү жөнүндө талаптарды белгилөөгө укуктуу.
19. Заказчы зарыл болгон учурда заказчынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн ички документте сатып алуу предметине карата коопсуздукка, ишенимдүүлүккө жана эксплуатациялык комплекттүүлүккө талаптарды белгилөөгө укуктуу.
20. Конкурсту өткөрүү үчүн заказчы ушул Типтүү тартиптин 52-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн буйругу менен конкурстук комиссияны түзөт, ал конкурс боюнча жыйынтыктар аныкталганга чейин иштейт.
21. Конкурстук комиссия төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) конкурстук документтерди баалоо критерийлерин бекитет;
2) конкурстук документтерде каралган жол-жоболорду жана критерийлерди пайдалануу менен сунуштарды баалоону жүргүзөт;
3) конкурстук документтерде каралган негиздер боюнча конкурстук өтүнмөнү четке кагат, жеткирүүчүнү катышуудан четтетет;
4) конкурстук документтерде каралган негиздер боюнча конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт же конкурс өткөрүлгөн жок деп тааныйт.
22. Конкурстук өтүнмөлөргө баалоо жүргүзүүдө конкурстук комиссия жеткирүүчүлөрдөн алардын сунуштары боюнча түшүндүрмө суроого укуктуу.
23. Конкурстук документтерди тиркөө менен конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу системада жайгаштырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт: предмет, өтүнмөлөрдү кабыл алуунун аяктоо мөөнөтү, байланыш маалыматтары, банктык коштоону колдонуу жөнүндө маалымат жана зарыл болгон учурда сатып алуунун пландаштырылган суммасы.
24. Система конкурстук документтердин негизинде сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жумуш күнү жаратат. Сатып алуу жөнүндө кулактандыруу системанын издөөчүсүндө кулактандыруунун жашырылышына өбөлгө түзгөн тамгаларды же символдорду камтыбашы керек.
25. Конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү заказчы тарабынан ички документте аныкталат, мында мөөнөтү конкурс жарыяланган учурдан тартып 5 жумуш күндөн кем болбоого тийиш.
26. Конкурстук өтүнмөлөрдү ачуу система аркылуу ишке ашырылат. Конкурстук өтүнмөлөрдү ачуунун жыйынтыгы боюнча системада протокол түзүлөт.
27. Заказчы конкурс боюнча сатып алуу процессинин жыйынтыгы жана котировкаларды талап кылуу боюнча сатып алуу процессинин протоколун түзөт.
28. Заказчы зарыл болгон учурда конкурстун же котировкаларды сурап алуу методунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимдин наркынын 25 пайызынан ашпаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүдөн кошумча сатып алууга укуктуу.
6-глава. Сатып алуу жөнүндө документтер
29. Жеткирүүчүлөрдү конкурска катышууга чакыруу үчүн заказчы ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыккан Стандарттык конкурстук документтердин (мындан ары - СКД) негизинде өткөрүлүүчү ар бир конкурска конкурстук документтерди иштеп чыгат.
30. Конкурстук документтер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) конкурстук өтүнмөнү даярдоо боюнча нускаманы;
2) жеткирүүчүлөрдүн квалификациясын;
3) өзүлөрүнүн квалификациялык маалыматтарын тастыктоо үчүн жеткирүүчүлөр тарабынан сунушталууга тийиш болгон документтик далилдерди;
4) сатып алуу предметинин толук сыпаттамасын, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде техникалык өзгөчөлүктөрдү, курулуштун бүткүл көлөмү боюнча долбоордук документтерди, пландарды, чиймелер жана эскиздерди; товардын санын; көрсөтүлө турган кызматтарды; товарлар жеткириле турган, жумуштар аткарыла турган же кызмат көрсөтүлө турган жерди;
5) заказчы тарабынан жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын баалоодо пайдаланылуучу бардык критерийлердин сыпаттамасын, анын ичинде бул критерийлердин салмагынын акчалай формада чагылдырылуусун;
6) келишимдин негизги жана жалпы шарттарын;
7) кепилдиктер жөнүндө декларацияны;
8) коррупцияга каршы эскертүүнү;
9) заказчынын ички документтеринде көрсөтүлгөн маалыматты;
10) банктык коштоону колдонуу жөнүндө маалыматты.
31. Конкурстук документтерди түзүүдө сатып алынуучу көлөмдөрдү, бир түрдүү (бир типтүү) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн санын максималдуу атаандаштыкты камсыз кылуучу лотторго бөлүүгө жол берилет. Процесстердин технологиялык бүтүндүгү, компоненттердин техникалык жана функциялык байланыштуулугу, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекттүүлүгү камсыз кылынбаса, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү лотторго бөлүүгө жол берилбейт.
32. Конкурстук документтерге өзгөртүүлөр киргизилген учурда заказчы мындай өзгөртүүлөрдү системада жарыялайт, мында өзгөртүүлөр конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 3 жумуш күндөн кечиктирилбестен киргизилиши керек.
7-глава. Сатып алууларды жүзөгө ашыруу процесси
33. Сатып алууларды жүзөгө ашыруу процесси төмөнкү негизги баскычтарды камтыйт:
1) сатып алууларды пландаштыруу;
2) жеткирүүчүнү тандоо;
3) келишимди түзүү жана аткаруу.
8-глава. Сатып алууларды пландаштыруу
34. Заказчы пландаштырылган мезгилге сатып алуу планын түзөт.
35. Сатып алуулар планын түзүүдө заказчы сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн пландаштырылган наркын аныктоо үчүн рынокту талдайт.
36. Сатып алуу ыкмаларын колдонууда рынокко талдоо жүргүзүүнүн тартиби ушул Типтүү тартиптин принциптерин эске алуу менен заказчынын ички документинде белгиленет.
37. Сатып алуулар планы сатып алуулардын аталышын, сатып алуу мезгилин/кварталын, сатып алууларды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн сумманы жана товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн/санын камтыйт. Заказчы сатып алуулар планына финансылык жылдын ичинде каалаган убакта өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө укуктуу.
38. Баштапкы сатып алуу планы пландаштыруу мезгилинен мурдагы жылдын аягына чейин баштапкы бюджеттин негизинде түзүлөт жана бекитилет. Сатып алуулардын такталган планы заказчы тарабынан бюджет бекитилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде түзүлөт жана бекитилет.
39. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор жана алардын туунду чарбакер коомдору сатып алуулар планын жарыялоого милдеттүү. Эгерде сатып алуу предмети коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сырды түзсө, план купуя сатып алуулардын деталдарын көрсөтпөстөн жарыяланат.
9-глава. Сатып алууларды жүзөгө ашыруунун методдору, аларды уюштуруу жана жүргүзүү
40. Заказчы ички документте өз ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен сатып алуулардын методун өз алдынча аныктайт.
41. Сатып алуунун негизги методдору болуп төмөнкүлөр саналат:
1) конкурс (чектелбеген же чектелген катышуу менен);
2) котировкаларды суроо;
3) келишимди түздөн-түз түзүү;
4) эң жөнөкөй сатып алуу.
42. Өз ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен заказчынын ички документтеринде сатып алуулардын башка методдору жана аларды колдонуу учурлары, ошондой эле ушул Типтүү тартипте каралган сатып алуулардын методдору үчүн башка кошумча негиздер каралышы мүмкүн.
43. Чектелбеген катышуу менен конкурс жеткирүүчүлөрдүн квалификациясына талаптарды жана/же товарга, жумушка, кызмат көрсөтүүгө техникалык талаптарды аныктоо максатында колдонулушу мүмкүн.
44. Чектелбеген катышуу менен конкурска катышууну каалаган жеткирүүчүлөрдүн саны чектелбейт. Мында эгерде квалификациялык жана техникалык талаптарга ылайык келген бир өтүнмө берилсе, конкурс өттү деп эсептелет.
45. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби, анын ичинде анын этаптарынын саны ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыккан Стандарттуу конкурстук документтерге жана заказчынын ички документтерине ылайык аныкталат.
46. Конкурстун жыйынтыгы боюнча үч жылга чейинки мөөнөткө бир нече жеткирүүчүлөр менен алкактык макулдашуу түзүлүшү мүмкүн. Сатып алуучу уюм тарабынан бир нече жолу же туруктуу негизде сатып алынуучу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү алкактык макулдашуунун предмети болушу мүмкүн.
47. Квалификациясы жана/же техникалык өзгөчөлүктөрү боюнча талаптарга жооп берген экинчи жана үчүнчү катышуучулар менен алкактык макулдашууларды түзүүгө жол берилет. Заказ-өтүнмө сунушталган эң төмөнкү баага жана жеткирүү шарттарына жараша алкактык макулдашуулардын катышуучуларына ыйгарылышы мүмкүн.
48. Чектелген катышуу менен конкурс заказчы тарабынан колдонулушу мүмкүн:
1) эгерде сатып алуу купуя болуп саналса;
2) эгерде сатып алуу предметинин заказчыда болгон жабдуулар, системалар жана заказчынын бекитилген ички актыларында белгиленген критерийлерге шайкештигин (кошулуусун) камсыздоо зарыл болсо;
3) өзгөчө укуктардын ээси тарабынан авторизацияланган (ыйгарым укук берген) жеткирүүчүлөрдүн, сатып алуу предмети боюнча аккредиттелген, аттестацияланган, сертификатталган жеткирүүчүлөрдүн белгиленген тизмеги, реестри болгондо;
4) рынокто жеткирүүчүлөрдүн саны чектелүү болгондо.
49. Төмөнкү критерийлердин бирине туура келген товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр сатып алынган учурда заказчы сатып алууну купуя деп аныктоого укуктуу:
1) заказчынын ишин же негизги технологиялык, өндүрүштүк же аны өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанидеги процесстерди камсыз кылууга багытталган;
2) коммерциялык жана/же кызматтык сыр болуп саналган же эгерде конкурстук документтерде заказчынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү коммерциялык жана/же кызматтык сыр болуп саналган маалыматтар камтылса.
50. Чектелген катышуу менен конкурс өткөрүүдө системада кулактандыруу аталышы, мүнөздөмөсү, суммасы көрсөтүлбөстөн жарыяланат, башкача айтканда жалпыланган маалыматтар көрсөтүлөт. Заказчы өзү аныктаган жеткирүүчүлөрдүн чөйрөсүнө сатып алууга карата талаптарды тиркөө менен чакыруу жиберет.
51. Эгерде квалификациялык жана техникалык талаптарга ылайык келген бир конкурстук өтүнмө берилсе, чектелген катышуу менен конкурс өткөрүлдү деп эсептелет.
52. Котировкаларды суроо конкурстук комиссияны түзбөстөн жүргүзүлөт жана төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:
1) жыл ичинде сатып алуулар планынын ар бир беренеси боюнча 3000000 сомго чейинки суммага;
2) квалификациялык талаптарды койбостон, атайын даярдоону талап кылбаган даяр (стандарттуу) товарларга же конкреттүү сыпаттамасы менен татаал эмес (стандарттуу) жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата сатып алуунун суммасына карабастан.
53. Атаандаштыкты жана натыйжалуу тандоону камсыз кылуу үчүн котировкаларга суроо-талап жүргүзүүдө заказчик потенциалдуу жеткирүүчүлөрдөн алынган экиден кем эмес сунушту карайт же жүргүзүлгөн рыноктук талдоонун жыйынтыгы боюнча тандап алат. Сунушу заказчынын сапат талаптарына жооп берген жана эң төмөнкү баага ээ болгон жеткирүүчү жеңүүчү болуп аныкталат.
54. Эң жөнөкөй сатып алуу - бул сатып алуу планынын ар бир беренеси боюнча келишим түзбөстөн 50000 сомдон аз суммадагы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жыл ичинде сатып алуу.
55. Сатып алуу фактысы товардык чек, кассалык чек, товардык-транспорттук коштомо кагаз, чыгаша коштомо кагаз, квитанция, жол жүрүү документи же товардын, иштин же кызматтын төлөнгөндүгүн ырастоочу башка документ менен күбөлөндүрүлөт.
56. Жөнөкөй сатып алууларды жүргүзүүдө заказчыга жеткирүүчүнү тандоодо сатып алууларды ишке ашыруунун жалпы максаттарына жана принциптерине жараша өз каалоосу боюнча иш жүргүзүү укугу берилет.
57. Түздөн-түз келишим түзүү жолу менен сатып алуу төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) өндүрүүчүлөрдөн же ошол товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата интеллектуалдык, өзгөчө же эксклюзивдүү укуктарга (авторизация, дилердик) ээ болгон же товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирден-бир жеткирүүчүсү болуп саналган конкреттүү жеткирүүчүдөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
2) эгерде товарлар өзүнүн сапаты жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча рыноктогу аналогдорунан мыкты болсо жана/же заказчыдагы жабдуу үчүн эң ылайыктуу болуп саналса, ушул Типтүү тартипте белгиленген сатып алууларды жүзөгө ашыруу принциптерин эске алуу менен жүргүзүлгөн рыноктук талдоонун жыйынтыгы боюнча өндүрүүчүдөн жана/же конкреттүү берүүчүдөн товарларды сатып алуу;
3) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу (жогору даярдык режиминде) жана кесепеттерин жоюу, шашылыш медициналык кийлигишүү зарылдыгы пайда болгондо, форс-мажордук жагдайлардын же авариялардын кесепеттерин же болбосо заказчынын ишин жарым-жартылай же толук токтотууга таасир эткен кырдаалды локалдаштыруу, токтоосуз калыбына келтирүүнү жана оңдоону талап кылган авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүзөгө ашыруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
4) заказчы алдын ала биле албаган жагдайларга байланыштуу күн сайын керектелүүчү товарларды сатып алуунун шашылыш зарылдыгы пайда болгондо;
5) заказчынын үзгүлтүксүз өндүрүштүк ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон күн сайын керектелүүчү товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу. Мындай товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси заказчы тарабынан бекитилет.
Ошол эле учурда заказчы сатып алуулардын бекитилген планына ылайык сатып алуулардын тиешелүү методун колдонуу менен толук сатып алуу жол-жоболорун жүргүзгөнгө чейин үзгүлтүксүз өндүрүштүк ишти жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган көлөмдө керектүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып ала алат;
6) топ ичиндеги кооперациянын жеткирүүчүлөрүнөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
7) ачык оферта шарттарын кабыл алуу жолу менен интернет-платформаларды пайдалануу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
8) ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан турак жай программаларынын катышуучулары үчүн алардын арызы/өтүнүчү боюнча турак жай сатып алуу;
9) коргоо, аскердик, улуттук, авиациялык коопсуздук, учуулардын коопсуздугу, мамлекеттик сырларды коргоо, илимий-изилдөө, тажрыйба-констуктордук иштер, чет мамлекеттердин делегацияларынын Кыргыз Республикасына жана чет мамлекеттерге визиттерин уюштуруунун алкагында дипломатиялык протоколду камсыз кылуу, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдарды тейлөө жаатындагы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле атайын конструкцияларды, комплекстерди, аба кемелерин, атайын курулмаларды, жабдууларды жана техниканы өндүрүүгө, эксплуатациялоого, тейлөөгө жана модернизациялоого, геологиялык-издөө жана геологиялык-чалгындоо иштерине жана заказчынын өндүрүштүк милдеттерине жетүү үчүн пайдаланылуучу жер казынасын пайдаланууга байланыштуу өзгөчө иштин башка түрлөрүнө байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
10) инновациялык, пилоттук долбоорлорду (социалдык объекттерди, жолдорду жана гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тышкы жана жарык жасалгалоо, ошондой эле транспорттук жана жол-транспорттук инфраструктура) апробациялоо үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен сатып алуу;
11) табигый монополиянын субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
12) эгерде конкурс өткөрүлбөсө;
13) майыптар тарабынан түзүлгөн, майыптардын саны кызматкерлердин санынын 50 пайызынан кем болбогон уюмдардан товарларды монополияга каршы орган белгилеген баалар боюнча сатып алуу;
14) Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан берилген, товардын чыккан жери жөнүндө өндүрүүчүнүн сертификаты бар болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 112-т тескемеси менен бекитилген тизмеге ылайык ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды сатып алуу.
10-глава. Жеткирүүчүнүн сунуштарын баалоо
58. Конкурстук табыштамаларды баалоонун тартиби жана ыкмалары, баалоонун баллдык же стандарттык системасы, келишимди ыйгаруу, аларды четке кагуу, конкурсту өткөн жок деп таануу үчүн негиздерди заказчы конкурстук документтерде бекитет.
59. Сунуштарды баалоонун жалпы ыкмалары:
1) бааланган наркты жана минималдуу баа сунушун аныктоодо конкурстук табыштамалардын баасын КНСти жана сатуудан салыкты эсепке албастан салыштыруу зарыл;
2) эгерде конкурстук табыштамалардын баалары эки же андан көп валютада туюндурулса, анда бардык конкурстук табыштамалардын баалары конкурстук табыштамаларды ачуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептелет;
3) эгерде жеткирүүчүлөр тарабынан конкурстук табыштамалар жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгы боюнча конкурстук документтердин талаптарына жооп берген бирдей баалар жана шарттар менен берилсе, анда заказчы бирдей шарттарды жана бааларды берген жеткирүүчүлөргө баштапкы сунушталган баанын өлчөмүнөн бааны төмөндөтүү (арзандатып берүү) мүмкүндүгү жөнүндө суроо-талап жиберет. Жеңүүчү болуп конкурстук табыштамада эң аз бааны (эң чоң арзандатууну) берген жеткирүүчүнүн табыштамасы эсептелет;
4) эгерде конкурстук табыштамада конкурстук документтерде баяндалган мүнөздөмөлөрдөн, шарттардан жана башка талаптардан олуттуу өзгөртпөгөн же олуттуу четтөө болуп саналбаган анчалык эмес шайкеш эместиктер болсо, талаптарга жооп берген табыштама катары каралат;
5) жеткирүүлөрдүн же жумуштардын предметине же көлөмүнө же сапатына же конкурстук документтердин талаптарынын аткарылышына олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон мындай четтөөлөр, эскертүүлөр жана маалыматтардын же документтердин жоктугу олуттуу деп эсептелет;
6) катышуучулардын сунушунун наркын баалоодо продукциянын жашоо циклинин наркы эске алынат, башкача айтканда, заказчы пайданы сатып алуучу уюм үчүн гана эмес, коом үчүн да айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды минималдаштыруу менен баалашы керек.
11-глава. Даттанууларды кароонун тартиби
60. Конкурстун катышуучусу конкурстук документтердин талаптарына карата конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин эки жумуш күндөн кечиктирбестен, ал эми конкурс боюнча баалоо жүргүзүлгөндөн кийин - системада жеңүүчү аныкталгандан кийин эки жумуш күндөн кечиктирбестен заказчыга даттануу берүүгө укуктуу.
61. Жеткирүүчүнүн даттануусу заказчынын даттануулар боюнча комиссиясы же заказчы ыйгарым укук берген адам тарабынан үч жумуш күнгө чейинки мөөнөттө каралат. Даттанууну көрсөтүлгөн мөөнөттө кароо мүмкүн болбогон учурда жеткирүүчүгө анын даттануусу карала турган мөөнөттү көрсөтүү менен билдирүү жөнөтүлөт.
62. Жеткирүүчү заказчынын даттануу боюнча чечими менен макул болбогон учурда жеткирүүчү төмөндөгү жактарга кайрылууга укуктуу:
1) чарбакер коомдор үчүн - ревизиялык комиссияга (ревизорго);
2) мамлекеттик ишканалар үчүн - ички аудит кызматына (ички аудиторго);
3) муниципалдык ишканалар үчүн - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына.
63. Жеткирүүчү ушул Типтүү тартиптин 62-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын чечимине макул болбогон же алар жок болгон учурда жеткирүүчү Кыргыз Республикасынын сот органдарына кайрылууга укуктуу.
12. Келишим түзүү
64. Заказчы сунушу жеңүүчү деп табылган жеткирүүчү менен сунуштун шарттарына жана колдонуу мөөнөтүнө ылайык келишим түзөт. Ал баш тарткан учурда заказчы баалоонун натыйжалары боюнча кийинки орунду ээлеген жеткирүүчү менен келишим түзө алат.
65. Эгерде жеткирүүчү келишимдин токтотулушуна алып келе турган, келишимди аткаруудан баш тартса баалоонун жыйынтыгы боюнча кийинки орунду ээлеген катышуучуга, жеңүүчү сунуштаган баадан олуттуу эмес четтөө шартында келишим түзүүнү сунуш кылууга укуктуу.
66. Заказчы жеткирүүчү тарабынан келишимдин талаптагыдай аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
67. Жеткирүүчүнүн сунушун (офертасын) кабыл алуу (акцепт) жолу менен келишим түзүүгө жол берилет. Мында, келишим жазуу жүзүндө түзүлдү деп эсептелет, ал эми жеткирүүчү заказчы менен келишимдик мамилеге кирген жак катары каралат.
68. Сатып алуулар жөнүндө келишимдер конкурстук документтердин шарттарына ылайык түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
69. Товарларды жеткирүүдө келишимдин шарттарында жеткирүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуу каралууга тийиш.
70. Төмөнкүдөй учурларда сатып алуулар жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
1) эгерде сатып алуулар жөнүндө келишимди аткаруу процессинде сатып алынуучу ушундай эле товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баалар төмөндөө же жогорулоо жагына өзгөрсө, жеткирүүчүнү тандоо үчүн негиз болгон сапат жана башка шарттар өзгөрбөгөн шартта, тараптардын өз ара макулдугу боюнча, товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баалардын төмөндөө же жогорулоо жагына;
2) эгерде келишимге кол коюлган күндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө тийиштүү, товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын жогорулашына же төмөндөшүнө алып келген өзгөртүүлөр киргизилсе, сатып алуучу уюм келишимдин наркын тиешелүү түрдө көбөйтүүгө же төмөндөтүүгө тийиш. Эгерде мындай өзгөртүүлөрдү чет мамлекеттердин мыйзамдары киргизсе, алардын резиденти болуп жиберүүчү саналат, заказчы келишимдин наркын тиешелүү түрдө көбөйтүүгө же төмөндөтүүгө тийиш;
3) эгерде өзгөртүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана баштапкы баалоонун маанисине таасир эткен келишимдин шарттарынын олуттуу өзгөрүүлөрүнө алып келбесе.
Көрсөтүлгөн шарттар түзүлүүчү келишимде чагылдырылууга тийиш.
13-глава. Сатып алуу жөнүндө келишимди банктык коштоо
71. Акча каражаттарынын максаттуу сарпталышына мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыз кылуу максатында сатып алуу жөнүндө келишимди аткаруу үчүн ишке тартылган жиберүүчү жана кошо аткаруучулар тарабынан сатып алуу жөнүндө келишимди банктык коштоо колдонулат.
72. Сатып алуу жөнүндө келишимге карата банктык коштоону колдонуу тартиби жана шарттары ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат. Сатып алуу жөнүндө түзүлгөн келишим банктык коштоону колдонуу шарттарына ылайык келген учурда заказчыга конкурстук документтерге жана сатып алуу жөнүндө келишимге банктык коштоо жөнүндө жобону киргизүү сунушталат.
73. Заказчы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган банктык коштоону колдонуу шарттарына ылайык келбеген сатып алуу жөнүндө келишимдерге карата (же болбосо банктык коштоону колдонуунун бекитилген шарттары болбогондо) банктык коштоону колдонууга укуктуу.
74. Сатып алуу жөнүндө келишимди банктык коштоо заказчы банктык коштоо жөнүндө келишим түзгөн жиберүүчү тарабынан тандалган ыйгарым укуктуу банк тарабынан жүзөгө ашырылат. Ыйгарым укуктуу банктардын тизмеги заказчы тарабынан конкурстук документтерде көрсөтүлөт.
75. Банктык коштоону колдонууда заказчы сатып алуу жөнүндө келишим боюнча жиберүүчү менен эсептешүүлөрдү ыйгарым укуктуу банкта ачылган жиберүүчүнүн өзүнчө эсебине гана жүзөгө ашырат.
76. Банктык коштоону колдонууда жиберүүчү жана кошо аткаруучулар ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсептерде сатып алуу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга милдеттүү.
77. Банктык коштоо жөнүндө келишимдин типтүү формасы, банктык коштоонун шарттарын камтыган сатып алуу жөнүндө келишимдин типтүү формасы, конкурстук документтерге киргизилүүгө тийиш банктык коштоо жөнүндө жоболор ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана заказчы, жеткирүүчү, кошо аткаруучулар жана ыйгарым укуктуу банк тарабынан колдонуу үчүн милдеттүү.".