КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 17-январы № 10-т
Евразия экономикалык бирлигинин транзиттик потенциалын натыйжалуу пайдалануу, жол инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле евразиялык транспорттук коридорлор боюнча эл аралык автомобилдик ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин евразиялык транспорттук коридорлорго киргизилген автомобиль жолдору боюнча жүрүүдө транспорт каражаттарынын жол берилген массалары, октук жүктөрү жана габариттери жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |