Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 6-майы № 240
"Жер казынасы жөнүндө", "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берүү, узартуу жана жокко чыгаруу боюнча ишти жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды бузуунун себептерин четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык:
1. Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишин кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун (мындан ары - жумушчу топ) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жумушчу топ оперативдүү тартипте төмөнкү чаралардын комплексин көрсүн:
- бир айлык мөөнөттө жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо жол-жоболорун оптималдаштыруу үчүн зарыл болгон башка чараларды, анын ичинде лицензияларды берүү, узартуу, токтото туруу, токтотуу, өткөрүп берүү тартибин, ошондой эле жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу лицензиялоонун, лицензиялык контролдоонун, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуунун шарттарын иштеп чыгуу;
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик органдар тарабынан толук жана сапаттуу аткарылышына өзгөчө көңүл буруу.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда өзүнүн ишинин процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу менен) адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди өзүнүн ишине тартуу укугу берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары ушул тескемени аткаруу боюнча ишти талаптагыдай уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишин кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Осмонов Азамат Кыргызбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Алсеитов Азамат Жусупович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Жумакматов Кубат Жумакматович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун инспектору; |
Акимбаев Азат Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти; |
Мааткулов Данияр Рыскулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Машиев Медер Асанович | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директору; |
Базиев Арсланбек Таланбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын начальниги; |
Сулайманова Айнура Жумалиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы; |
Омуркулов Бакыт Омуркулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин инвестициялык саясат жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын начальниги; |
Дыйканбаева Роза Нурдиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин эксперттик, лицензиялык, уруксат берүү документтери (бирдиктүү терезе) башкармалыгынын начальниги; |
Казакбаев Нуржан Манапбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ченемдик-укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги; |
Мусаев Улан Абдулдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү салыктар башкармалыгынын начальниги; |
Мойдунов Анарбай Мойдунович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү салыктар башкармалыгынын салыктык эмес төлөмдөр бөлүмүнүн начальниги. |