Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХVIII кезексиз сессиясы
2022-жылдын 29-декабры № 28/1
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү грант аркылуу Сагыйпа Чечейбаева атындагы клубунуна өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Сагыйпа Чечейбаева атындагы клубун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү грантка көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХVIII кезексиз сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Сагыйпа Чечейбаева атындагы клубун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн, мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү гранттын жалпы суммасынын 30% -1 024 203,0 (бир миллион жыйырма төрт миң эки жүз үч) сом өздүк салымы 2023-жылдын жыл башына калган акча каражаттан каралсын.
2. Керектелүүчү өздүк салым акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык бекитилсин;
3111- 1 024 203,0 (бир миллион жыйырма төрт миң эки жүз үч) сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | М.Турганалиев |