Сравнение редакций…
|
|
|
|
|
Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 677, 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 229 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) төлөө тартибин жана механизмин, жыйымдын өлчөмүн, алардын багытын жана пайдалануу максатын аныктайт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу өтүүчү Кыргыз Республикасынын да, чет мамлекеттердин да транспорт каражаттарынын ээлери төлөөчүлөр болуп саналат.
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
тоннель - жердин катмары, тоо массиви аркылуу же суу тоскоолдуктарынын астында автомобиль жолунун түзүлүштөрү үчүн арналган жер астындагы же суу алдындагы курулма;
жыйым - уюмдардан жана жеке жактардан алынуучу төгүм, аны төлөө мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка ыйгарым укуктуу органдар жана кызмат адамдары тарабынан жыйымды төлөөчүлөргө карата юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу шарттарынын бири болуп саналат, анын ичинде белгилүү бир укуктарды же уруксаттарды (лицензияларды) берүү же болбосо аны төлөө жыйым киргизилген аймактын чегинде ишкердик иштин айрым түрлөрүн жүргүзүү менен шартталган.
2. Жыйымдарды алуунун тартиби жана алардын өлчөмдөрү
4. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорт каражаттарынын ээлеринен Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды алуу үчүн жыйымдарды төлөөнүн автоматташтырылган системасы же тоннелге кире бериштин алдында контролдоо-өткөрүү пункттары жана "Сосновка" жана "Кара-Көл" контролдоо пункттары аркылуу уюштурулушу мүмкүн.
5. Ата мекендик жана чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын ээлеринен накталай/электрондук акчалар, банктык төлөм карталары жана башка төлөм инструменттери аркылуу жыйымдарды алуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык милдеттүү түрдө контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу менен транспорт каражаттарынын категорияларына жараша улуттук валютада жүргүзүлөт.
6. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинде каралган тартипте Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү ата мекендик, чет өлкөлүк жана транзиттик номердик белгилери бар автомашиналар үчүн белгиленген болуп саналат жана инфляциялык күтүүлөргө жараша өзгөрүшү мүмкүн.
6-1. Сбор взимается с владельцев транспортных средств, прошедших таможенное оформление, но не прошедших государственную регистрацию, как с плательщиков транспортных средств Кыргызской Республики и государств-членов ЕАЭС.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 677 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жыйымдын багыты жана пайдалануунун максаты
7. Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн түшкөн жыйымдар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
4. Жыйымдардын толук түшүүсүн жана пайдаланылышын контролдоо
8. Жыйымдардын толук түшүүсүн жана каражаттардын пайдаланылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жобого жана ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.
9. Төлөө жөнүндө квитанция бир багытка бир жолку болуп саналат.
10. Төмөнкү транспорт каражаттары Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу өтүү үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат:
1) медициналык тез жардамдын;
2) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
3) ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан башкарылуучу;
4) улуттук коопсуздук органдарынын;
5) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
6) энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
7) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын;
9) транспорт каражатында "Майып" деген таануу белгиси болгон учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар тарабынан башкарылуучу, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга таандык транспорт каражаттары;
10) тиешелүү документтер боюнча гуманитардык жардам жүктөрүн ташуучу;
11) түздөн-түз айыл чарба продукциясын өндүрүүчү тарабынан өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын ташуучу, жашаган жери жана жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө маалыматты камтыган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымкатын көрсөткөндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 229 токтомунун редакциясына ылайык)
11. В случае необходимости для уточнения категории и принадлежности транспортного средства плательщик обязан предоставить на обозрение сотруднику контрольно-пропускного пункта регистрационные документы транспортного средства.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 134 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ