Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-майы № 1164-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Элдик" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Малиев Арсланбек Касымакунович Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Малиев Арсланбек Касымакунович - № 34 Жети-Өгүз бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Элдик" депутаттык тобунан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |