Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 29-апрели №69 -чуа
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун Торугарт-Макмал участогун эксперименталдык долбоорлоо жана куруу жөнүндө
“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун “Торугарт-Макмал” участогун долбоорлоо жана куруу чет өлкөлүк курулуш ченемдерин, эрежелерин жана стандарттарын колдонууну эске алуу менен эксперименталдык долбоор деп эсептелсин.
2. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун “Торугарт-Макмал” участогун долбоорлоого жана курууга гана тиешелүү болгон Кытай Эл Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана стандарттары тиркемеге ылайык колдонууга киргизилсин.
3. Мамкурулуштун Курулуш башкармалыгы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, аталган буйрукту жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
Директор
|
|
Н.К. Орунтаев |