Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-декабырындагы № 9/2 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХX кезектүү сессиясы
2023-жылдын 24-февралы № 30/1
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү реестр боюнча кароо жөнүндө
Көбөгөнов Руслан Имерович тарабынан кайтарымсыз жардам катары Жерге-Тал айыл өкмөтүнө келген Сенакос-а Е-302 маркасындагы чөп чабуучу комбайнды, «Таза Жерге-Тал» миниципалдык ишканасынын балансына алууга жана документтерин мыйзамдуу тактоо максатында, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXХ кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көбөгөнов Руслан Имерович тарабынан кайтарымсыз жардам катары Жерге-Тал айыл өкмөтүнө келген;
- Сенакос-а Е-302, номердик белгиси 0501 TRNB, 1987-жылы чыгарылган 610 белгисиндеги чөп чабуучу комбайнды «Таза Жерге-Тал» миниципалдык ишканасынын балансына алынсын;
2. Айыл чарба техникасынын документтерин мыйзамдуу тактоо менен тийиштүү документтерин бүтүрүү Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Турганалиев |